АМАЗОНИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:30, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АМАЗОНИТ, а м а з о н и я т а ш ы – минерал; микроклиндин жашыл түстөгү түрү. Курамында кээде Мп2+, радиогендүү коргошун, рубидий жана цезий болот. Амазонит жегичтүү граниттерде, пегматиттерде, грейзендерде кездешет. Кооздук жана көркөмдүк буюмдарын жасоодо иштетилет. к. Микроклин.