АЛЯСКИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:59, 4 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(Аляска жарым аралынын атынан) – курамы калийлүү талаа шпатынан (ортоклаз же микроклин) ж-а кварцтан (25–55%)

турган ачык түстүү (лейкократтуу) гранит тибиндеги магма тоо теги. 1900-ж. америкалык геолог Дж. Спёр аныктаган. Структуралык түзүлүшү бүртүктүү, чанда порфир сымал, өңү кызгылт, ак, бозомук. А. м-н сейрек кездешүүчү металлдардын кендери байланыштуу. А. имараттардын дубалын кооздоодо, каптооч курулуш материалдары катары пайдаланылат.