АЛЯСКА КЫРКА ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:03, 29 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЯСКА КЫРКА ТООСУ Алясканын түштүгүндө. Түн. Америка Кордильерасынын системасьша кирет. Уз. 1000 кмдей. Бийикт. 6194 мге чейин (Мак-Кинли чокусу – Түн. Американын эң бийик жери). Кыр бөлүгү интрузия тоо тектеринен (гранит-диорит) турат. Капталдары тик,өтө тилмеленген. Тоонун нымдуу түш. капталында 800 м бийиктикке чейин карагайлуу токой өсөт, андан жогору кар, мөңгү жатат. Түн.капталдары каксоороок; токойдун чеги 1000–1100 мге чейин көтөрүлөт; андан жогору тоолуу тундра ээлейт.