АЛЬФА-АЖЫРОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 22 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Файл:АЛЬФА-АЖЫРОО 27.png
АЛЬФА-АЖЫРОО – атом ядросунун өзүнөн-өзү  радиоактивдүү ажыроосунда а-бөлүкчөнүн  бөлүнүп чыгуусу. Аны төмөнкү схема м-н туюнтса  болот: (формула сүрөттө)

мында, X – баштапкы радиоактивдүү атом ядросунун символу, У- ажыроодон пайда болгон ядронун символу, Z - ядро зарядын белгилеген индекс, ал ядронун символунун төмөн жагына, ал эми А – атомдук массанын индекси, ядро символунун өйдө жагына жазылат. А.-а-нун механизмы эки этаптан турат: 1) ядронун ичинде эки протон ж-а эки нейтрондун топтолушунан өзүнчө а-бөлүкчөнүн пайда болушу; 2) анын ядродон бөлүнүп, учуп чыгышы. Бул теорияны 1928-ж. Англияда Г. Герни м-н Э. Кондон иштеп чыгышкан. Ядронун өзү а-бөлүкчө ж. б. нуклондор үчүн потенциалдык тоскоол болуп эсептелет. Бирок, а-бөлүкчөнүн толкундук касиети күчтүү болгондуктан тоскоолду аралап өтүп, ядродон бөлүнүп чыгат. Элементтердин мезгилдик системасында коргошундан кийин жайгашкан 200дөн ашык α-радиоактивдүү ядролор белгилүү.