АЛЬДОЛЬ КОНДЕНСАЦИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:05, 1 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АЛЬДОЛЬ КОНДЕНСАЦИЯСЫ – кислоталардын же  щелочтордун катышуусунда альдегидцердин же кетондордун 2 молекуласы кошулуп, курамында альдоль спиртинин тобу бар бирикмелерди   пайда кылуучу реакция. Мындай реакциядан 2  молекула уксус альдегиди А. к. реакциясына кирип, Р-гидроксимай альдегидине  (альдолго) айланат: СН3СН0+СН3СНО → СНСН(0Н)-СН2-СН0. Альдегиддерге караганда кетондор А. к. реакциясына начар кирет. Эки молекула ацетондон диацетон спирти алынат: (СН3)2СО+(СН3)2СО → (СН3)2С(ОН)СН2СОСН3. Ал химия өнөр жайында бутанолду, 2-этилгексанолду, пентаэритритти ж. б. алууда кеңири колдонулат. Бул реакцияны 1872-ж. нем. химиги А. Вюрц ачкан.