АЛЬДАБАРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:31, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 – Инд а-ндагы атолл. Сейшел а-нда. Табийгый резерват. Аянты 350 км2. Анын 190 км2 ге жакыны кургактык. Коралл аки таштан түзүлгөн. Төрт ири ж-а көптөгөн майда аралдардан турат. Терең жаракалар, үңкүрлөр ж-а киши өтө алгыс лабиринттер мүнөздүү. Жээктерин бойлой мангр өсүмдүктөрү, лагуналарында деңиз чөптөрү өсөт. Атолл деңиз ташбакаларынын жумурткалоочу жайы. Канаттуулардан олуши, фрегаттар, альдабара дронгосу (жоголуу коркунучу алдында турат) уялашат. Курт-кумурскалардын 1000ден ашык түрү (а. и. 40 түрү эндемик) кездешет. Флоранын 20%и эндемик. Атолл Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.