АЛЬГАМБРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:32, 27 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЬГАМБРА (арабча аль-хамра – кызыл) – Испаниядагы Гранада шаарына жакын Сьерра-Невада тоосунун боорундагы аксарай комплекси. Арабдардын Гранада эмиратынын башкаруучулары үчүн (13-кылымдын ортосу – 14-кылымдын аягында) курулган. Альгамбра – мавритан архитектурасынын эң көрүнүктүү үлгүсү. Мирттер аянтчасы менен Арстандар аянтчасынын айланасына жайгашкан кооз жасалгалуу залдардан турат. Ошондой эле Карл 5нин чала курулган сарайы бар (1526). Альгамбранын архитектурасынын көркөмдүгү, кереметтүү түзүлүшү, жасалгасы жөнүндө уламыш кабарлар орто кылымда эле дүйнөгө тараган. Альгамбра Бүткүл дүйнөлүк мурастардын тизмесине киргизилген.


Файл:АЛЬГАМБРА 22.png
Арстандардын ордосу.