АЛЬБИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:39, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЬБИТ (лат. albus – ак) – плагиоклаздар тобундагы минерал. Химиялык формуласы Na(AlSi30e). Триклин сингониясында кристаллданат. Өңү ак келип, ага ар кандай түстөр кошумчаланып турат. Айнектей жалтырак. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 6-6,5, тыгыздыгы 2600-2650 кг/мз. Салмагы 2,62-2,65. Альбит кычкыл жегичтүү тоотектерди жанa пегматиттерди түзүүчү минерал. Таза альбит карала иштетүүчү ишканаларда, фарфор жана фаянс буюмдарын жасоодо колдонулат.