АЛЬБИНИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:28, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЬБИНИЗМ (лат. albus – ак) – тубаса пигменти жок тукум куума белги. Татаал түзүлүштүү өсүмдүктүн бардык бөлүгүнүн же айрым бир бөлүгүнүн жашыл түсүнүн жоктугу. Адам, жаныбардын көзүнүн чел кабынын түссүздүгү ж. б. Бул тукум куума белги – рецессивдүү генге көз каранды. Рецессивдүү ген (аа) гомозигота абалында пигменттин (мисалы, меланиндин, хлорофиллдин) синтезин токтотот. Пигментсиз особдор альбинос деп аталат. Өсүмдүк альбиностордо бул кубулуш хлоропласттардын тукум куума өзгөрүшү менен да шартталат (цитоплазмалык тукум куугучтук). Андан тышкары өсүмдүктү караңгы жерде өстүрүү да альбиносторду пайда кылат. Мындай өзгөчөлүк функциялык альбинизм деп аталат. Өсүмдүктү жарык жерге которгондо ал жоголот.