АЛЬБИНИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:43, 1 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АЛЬБИНИЗМ (лат. albus – ак) – тубаса пигменти жок тукум куума белги. Татаал түзүлүштүү өсүмдүктүн бардык бөлүгүнүн же айрым  бир бөлүгүнүн жашыл түсүнүн жоктугу. Адам, жаныбардын көзүнүн чел кабынын түссүздүгү ж. б. Бул тукум куума белги – рецессивдүү генге  көз каранды. Рецессивдүү ген (аа) гомозигота абалында пигменттин (мис., меланиндин, хлорофиллдин) синтезин токтотот. Пигментсиз  особдор альбинос деп аталат. Өсүмдүк  альбиностордо бул кубулуш хлоропласттардын
тукум куума өзгөрүшү м-н да шартталат (цитоплазмалык тукум куугучтук).  Андан тышкары өсүмдүктү караңгы жерде өстүрүү да альбиносторду пайда кылат. Мындай өзгөчөлүк функциялык А. деп аталат. Өсүмдүктү жарык  жерге которгондо ал жоголот.