АЛЫМБЕКТИН МЕДРЕСЕСИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:55, 24 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЫМБЕКТИН МЕДРЕСЕСИ -- 19-кылымдын 50-жылдары Асан уулу Алымбек датка Ош калаасына Ак-Буура дарыясынын жээгине медресе салдырган. Медресенин үч дарсканасы, 28 намаз окуучу жайы жана жатаканасы болгон. 80–100дөй окуучу-молдолор окутан. Медресенин айланасында окуу жайдын соода дүкөндөрү жайгашкан. Соода-сатыктан түшкөн каражат медресенин муктаждыктарына жумшалган. Медреседе дин сабактары менен катар тарых, медицина, астрономия, география да окутулган. Өз убагында бул жерден көптөгөн билимдүү адамдар тарбияланып чыккан. Медресенин иши Октябрь революциясынан кийин токтолуп, атеисттик идеологияга байланыштуу 20-кылымдын 50-жылдарында бузулуп жок кылынган. Медресе Кыргызстандагы алгачкы билим берүү мекемеси катары маанилүү.