АЛЫМБЕКОВ Кеңешбек Асанкожоевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:37, 24 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЫМБЕКОВ Кеңешбек Асанкожоевич (1951-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Ой-Калча кыштагы) – техника илимдеринин доктору (2010). 1974-жылы КМУнун экономика факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун ЗИСТте кафедранын ассистенти болуп баштаган. КМУУда кафедра башчысы, КРдин өкүмөтүнө караштуу республикалык ” Кыргызстандарт” борборунда директордун орун басары; Россия мамлстандарттын стандарттоо, метрология жана сертификациялоо академиясынын Кыргыз филалынын директору, директордун орун басары; КЭУда илимий иштер боюнча проректор. Алымбеков 80ден ашык илимий эмгектин (анын төртөө КР мамлстандартта жактырылып ишке киргизилген) автору.