АЛЫМБЕКОВ Кеңешбек Асанкожоевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:02, 28 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЫМБЕКОВ Кеңешбек Асанкожоевич (1951-ж. т., Ысык-Көл обл., Ак-Суу р-ну, Ой-Калча кыш.) – техника илимд. доктору (2010). 1974-ж. КМУнун экономика факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун ЗИСТте кафедранын ассистенти болуп баштаган. КМУУда кафедра башчысы, КРдин өкүмөтүнө караштуу республикалык ” Кыргызстандарт” борборунда директордун орун басары; Россия мамлстандарттын стандарттоо, метрология жана сертификациялоо академиясынын Кыргыз филалынын директору, директордун орун басары; КЭУда ил. иштер б-ча проректор. А. 80ден ашык ил. эмгектин (анын 4өө КР мамлстандарта жактырылып ишке киргизилген) автору.