АЛЫБАЕВ Жолболду Парпиевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:50, 21 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЫБАЕВ Жолболду Парпиевич (1947-ж. т., Ош обл., Өзгөн р-ну, Зергер айылы) – обончу, ырчы, акын, дастанчы. КРдин эл артисти (2003). Ош педагогикалык институтунун музыка факультетин бүтүргөн (1965). 2002-жылдан Ош МУнун доценти. 50дөн ашык обондордун автору. Аккордеондун, комуздун коштоосунда «Туулган жерге», «Дилбар ай»,

Файл:АЛЫБАЕВ 1 12.png

«Кыздар», «Өзбек кызына», «Кош алма», «Чолпонум», «Арман», «Рыспайга кат», Жеңижоктун «Көк сулуу», «Балам жок», Барпынын «Мырзайым», «Буракжан», «Жарга жыгылса суу», Корголдун «Сен, сен дүйнө», Молдо Нияздын «Даткайым», Нурмолдонун «Өмүр», элдик «Акжамал» ж. б. ыр, дастандарды аткарган. Калыгулдун «Тар заманын» ырчылардын ичинен алгачкылардан болуп калк алдына ырдап чыккан. «Гүлазык», «Чолпонум» аттуу ырлар жыйнактары жарык көргөн. Бир нече медалдар менен сыйланган.