АЛТЫНТАГ ТООЛОРУ
Кытайдын батышында,
Тарим жана Цайдам өрөөндөрүн бөлүп турат. Уз.
800 кмдей. Бийикт. 6161 мге чейин. Негизинен
метаморфизмделген тоо тектерден турат. Түн.
капталы тик, түштүгү жантайыңкы. Шагыл
таштуу, шор топурактуу чөл жана жарым чөл,
андан жогору шалбаа жана талаа ландшафттары ээлейт; чакан мөңгүлөрү бар.