АЛТЫН ЭРЕЖЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:29, 11 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛТЫН ЭРЕЖЕ статикада – жөнөкөй механизмдин (рычаг, жантык тегиздик, чыгырык ж. б.) жардамы менен жумуш аткарууда (сүрүлүүнү эсепке албаганда) кыймылдаткыч күчтүн жумушу оордук күчтүн жумушуна барабар болуу закону. Мисалы, рычагдын ийини канча кыска болсо (уттурсак), күч ошончо аз жумшалат (утабыз). Архимед Алтын эрежени (рычагды колдонуу эрежеси) биринчилерден болуп ачып, табияттын жалпы закону – энергиянын сакталуу жана бир түрдөн экинчи түргө айлануу законун аныктоого негиз түзгөн.