АЛТЫН КЕСИЛИШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:43, 3 Ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛТЫН КЕСИЛИШ – так аныкталган математикалык пропорциялардын өз ара катышы. Мында курамдык эки бөлүктүн бир бөлүгү бүтүндүктөн өзү канча эсе кичине болсо, ошончо эсе экинчи бөлүктөн чоң болот. Өткөн замандын сүрөтчүлөрү менен теоретиктери алтын кесилишти пропорциялуулуктун идеалдуу (абсолюттук) берилиши деп эсептешкен, ал эми практика жүзүндө бул «бузулгус мыйзамдын» эстетикалык мааниси туура (горизонталдык) жана тике (вертикалдык) багыттардын бирдей эместик күчүнө байланыштуу шарттуу чектелген. Көркөм сүрөт өнөрүнүн практикасында Алтын кесилиш өзүнүн абсолюттук өзгөрбөс формасында сейрек колдонулат, бул жерде абстракттык математикалык пропорциялуулук четтөөлөрүнүн ченеми менен мүнөзү чоң мааниге ээ.