АЛТЫН КАЗЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:10, 11 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛТЫН КАЗЫККичи жетиген топ жылдызынын эң жарык жылдызы (а-Кичи жетиген). Батпай турган топ жылдыздардын катарына кирет. Жердеги байкоочуга ал дайыма бир чекитте турат. Кээде ал Уюл жылдызы деп да аталат. Анткени дүйнөнүн түндүк уюлунан тик чыгыш боюнча 1", 8“ мин жана жантаюу боюнча 89°01'айырмаланып тургандыктан, жердеги байкоочу ал аркылуу уюлду жана анын бардык тарабын аныктай алат. Анын өңү саргыч келип, бетинин темпрасы 7000°Кre барабар. Көрүнгөн жылдыз чоңдугу 2,1“ден 2,3“ге чейин өзгөрөт. Алтын казык аркылуу уюлду жана анын бардык тарабын аныктаса болот. Асман сферасындагы жылдыздар Алтын казыкка салыштырылып аныкталат.