АЛМАМАТОВ Мыйманбай Закирович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:41, 27 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛМАМАТОВ Мыйманбай Закирович (1956-ж. т., Ош обл., Алай р-ну, Жылы-Суу кыш.) – техника илимд. доктору (2006). 1978-ж. ФПИни бүтүргөн. Эмгек жолун КР ИАда инженер, улук инженер, В. И. Ленин атн. з-дун Ил.-өндүрүштүк лабороториясында начальниктин орун басары; И. Разаков атн. КМТУда улук окутуучу, доцент, ББКда директор, кафедра башчысы. А. 144 ил. эмгектин, анын ичинде 1 монографиянын, 1 окуу китебинин автору, 27 патенттин ээси.