АЛМАЛУУ КӨРҮСТӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:22, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛМАЛУУ КӨРҮСТӨНҮ‒ Кетмен-Төбө өрөөнүнүн Торкен суусунун сол жээгиндеги 1‒5-кылымдарга таандык эстелик. 1966‒67-жылдары Кыргыз ССР ИАнын археологиялык экспедициясы изилдөөлөрдү жүргүзгөн. 85 казанактан (бардыгы 136 дөбө) бирден үчкө чейин адам сөөктөрү чыккан. Кээ бирлери табытка салынып, бетине алтындалган жука беткеп кийгизилген. Табылгалардын арасында дан сактоочу зор кумара, жыгач табактар, кылыч, соот, жебе, чынжыр, коӊгуроо, тогоо, мончок, күзгү, асылташ чөгөрүлгөн алтын сөйкө, шакектер бар. Көрүстөндү негизинен Ы. Кожомбердиев изилдеген.