АЛМАЗДУУ АСПАПТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:54, 10 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛМАЗДУУ АСПАПТАР‒ кесүүчү бөлүгү табигый же синтетикалык алмаздан жасалган жабдыктар. Ага жылмалоочу чарык, өгөө, алмаздуу кескич, кайрактуу (абразивдүү) аспаптарды курчута турган калем жана чыгырык (ролик), бургулоо аспаптары кирет. Аларды жасоодо күкүм же кристалл түрүндөгү алмаздар пайдаланылат. Колдонулушуна жараша алмаз күкүмдөрү органикалык ийилгич (резиналык), металл ж. б. байланыштыргычтары менен бириктирилет. Мында 100%түү кошулманын 1 мм3 катмарында 0,878 мг алмаз болот. Алар менен катуу куймалар, түрдүү конструкциялык (кварц айнеги, карапа ж. б.) жана курулуш материалдары (бетон, мрамор, гранит) иштетилет.