АЛЛОХТОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:07, 28 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЛАХТОН (грекчеден allos ‒ башка, бөтөн, chthon ‒ жер) ‒ 1) башка жактан оошуп келген материалдардан пайда болгон тоо тектер жана кендер. Мисалы, өсүмдүк калдыктары суу менен агып барып, башка жерге топтолуусунан таш көмүрдүн пайда болушу. 2) Аллохтон структурасы (аллохтон) ‒ тектоникалык кыймылдардын таасиринен алгачкы ордунан жылып келип, автохтон структураларын жаап калган бүктөлүүлөрдүн бөлүктөрү.