АЛЛИГАТОРЛОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:21, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЛИГАТОРЛОР (Alligatoridae) ‒ сойлоочулардын крокодилдер түркүмүнүн уруусу. Узундугу 1 мден 6 мге жетет. 4 уруусу, 7 түрү бар. Түндүк Американын түштүк чыгыш жагында, Түштүк Америкада, Кытайда жашайт. Көбүнчө тузсуз көлмөлөрдө тиричилигин өткөрөт. Балыктар, моллюскалар,

Файл:АЛЛИГАТОРЛОР80.png

рак сымалдар, жерде-сууда жашоочулар, сойлоочулар, кээде сүт эмүүчүлөр менен азыктанат. Адам үчүн анча коркунучсуз. Кытай Аллигаторунун узундугу 2 мге жетет. Суунун, көлдүн жээктеринде ийиндерде жашайт. Уясын жээктеги өсүмдүктүн арасына салып, 10‒40 жумуртка тууйт. Аз кездешүүчү түр болгондуктан ЖКЭСтин Кызыл китебине катталган. Коруктарда корголот, зоопарктарда көбөйтүү боюнча ийгиликтүү тажрыйба жүргүзүлүүдө. Миссисипи аллигаторлорунун узундугу 5 мге жетет. Ал башкалардан айырмаланып, алдыӊкы бутунун манжалары жаргакча менен бириккен. Түштүк-Чыгыш Америкада көп кездешет. Ургаачысы 20‒40 жумуртка тууп, аны кайтарып, тукуму жөнүндө кам көрөт. Жашоо узактыгы 85 жыл. Анын терисинен сумка, бут кийим, кур ж. б. жасалат.