АЛЛИГАТОРЛОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:29, 10 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЛИГАТОРЛОР (Alligatoridae) ‒ сойлоочулардын крокодилдер түркүмүнүн уруусу. Узундугу 1 мден 6 мге жетет. 4 уруусу, 7 түрү бар. Түндүк Американын түштүк чыгыш жагында, Түштүк Америкада, Кытайда жашайт. Көбүнчө тузсуз көлмөлөрдө тиричилигин өткөрөт. Балыктар, моллюскалар,

Файл:АЛЛИГАТОРЛОР80.png

рак сымалдар, жерде-сууда жашоочулар, сойлоочулар, кээде сүт эмүүчүлөр менен азыктанат. Адам үчүн анча коркунучсуз. Кытай Аллигаторунун узундугу 2 мге жетет. Суунун, көлдүн жээктеринде ийиндерде жашайт. Уясын жээктеги өсүмдүктүн арасына салып, 10‒40 жумуртка тууйт. Аз кездешүүчү түр болгондуктан ЖКЭСтин Кызыл китебине катталган. Коруктарда корголот, зоопарктарда көбөйтүү боюнча ийгиликтүү тажрыйба жүргүзүлүүдө. Миссисипи Аллигаторлорунун узундугу 5 мге жетет. Ал башкалардан айырмаланып, алдыӊкы бутунун манжалары жаргакча менен бириккен. Түштүк-Чыгыш Америкада көп кездешет. Ургаачысы 20‒40 жумуртка тууп, аны кайтарып, тукуму жөнүндө кам көрөт. Жашоо узактыгы 85 жыл. Анын терисинен сумка, бут кийим, кур ж. б. жасалат.