АЛЛЕМАНДА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:58, 24 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү


АЛЛЕМАНДА (фр. allemande ‒ немецтик) ‒ эски бий. Жай темпте. Алгач Германияда пайда болгондуктан, аны француздар аллемандардыкы (немецтердики) деп аташкан. 16-кылымдын ортосунда Англия, Нидерландияда кеӊири тараган. 17‒18-кылымдарда Францияда клавесин, лютня, оркестр үчүн жазылган сюитанын эӊ негизги жай бөлүмү аллеманда аталган.