АЛИНАЗАРОВ Садык

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 Садык [1914, Пишпек ш. (азыркы Бишкек) ‒ 7. 3. 1969] ‒ Сов. Союзунун Баатыры (1943). Сов. Армияга чакырылганга чейин (1942) Фрунзедеги эт комбинатында жумуш

чу болуп иштеген. Улуу Ата Мекендик согушта 280-аткычтар дивизиясындагы 103-аткычтар полкунун катардагы жоокери болгон. 1943-ж. 25-сентябрда түн ичинде Днепрден биринчи лерден болуп сүзүп өткөн. Дарыянын оӊ жээгине плацдарм курган сов. жоокерлер тобу бир түндө душмандын 12 контр чабуулунун мизин

Файл:АЛИНАЗАРОВ76.png

кайтарган. Ошондогу эрдиги үчүн А-го Сов. Союзунун Баатыры деген наам ыйгарылган. Согуштан кийин Бишкек ш-нда эмгек жолун кайрадан уланткан.