АЛИЕВ Сатыбек

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:26, 1 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Lera тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛИЕВ Сатыбек (10. 5. 1938-жыл, Чүй облусу, Чүй району, Кегети айылы ‒ 7. 11. 2005-жыл, Бишкек шаары) ‒ «Манас» эпосун жыйноочу, изилдөөчү, Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1998). Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин филология факультетин бүтүргөн. 1969-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда, кийин Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясында иштеп, «Манас энциклопедиясын» даярдоого активдүү катышкан. Белгилүү манасчылар боюнча илимий-изилдөөлөрү «Акындар чыгармачылыгынын тарыхынын очерктери» (1988) аттуу китепке кирген.