АЛИАХУНОВ Абдукадыр

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:03, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛИАХУНОВ Абдукадыр (1902, Ош обл., Кара-Суу р-ну, Дыйкан айылы ‒ 1972, ошол эле жерде) ‒ пахтачы, Соц. Эмг. Баатыры (1950). Совет бийлигин орнотууга жана чыӊдоого активдүү катышкан. 1922‒29-ж. парт., сов. жана чарбалык жетекчи кызматтарда иштеген. 1949-ж. Кара-Суу

Файл:АЛИАХУНОВ65.png

р-нундагы «Кызыл-Шарк» колхозуна мүчө болуп кирип, 1950-жылдан колхоздун пахтачылык звеносун башкарган. Ал жетектеген звено 1950-ж. ар бир га жердеги пахтадан 72,85 цден түшүм жыйнаган. Ленин ордени менен сыйланган.