АЛЕУТ ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:57, 31 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЕУТ ТИЛИ, у н а н г а н т и л и ‒ АКШнын Алеут ж-а РФдин Командор аралында жашаган алеуттардын тили. Эскимос-алеут тобуна кирет. Алеут тили үч диалектиге бөлүнөт: уналашкин, аткин ж-а аттуан. Акыркы эки диалектиде Командордогу алеуттар сүйлөшөт. Тыбыштык түзүлүшүндө 3 үндүү, 17 (20) үнсүз тыбыш бар. Сөздөрдүн морфологиялык түзүлүшү агглютинативдүү, мүчөлүү. РФдин Медино аралындагы алеуттар эне тилиндеги этиштин уӊгуларын сактоо менен орус тилинин жакталыш системасын өздөштүрүшкөн.