АЛЕУТ ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

, у н а н г а н т и л и ‒ АКШнын Алеут ж-а РФдин Командор а-ында жашаган алеуттардын тили. Эскимос-алеут тобуна кирет. А. т. үч диалектиге бөлүнөт: уналашкин, аткин ж-а аттуан. Акыркы эки диалектиде Командордогу алеуттар сүйлөшөт. Тыбыштык түзүлүшүндө 3 үндүү, 17 (20) үнсүз тыбыш бар. Сөздөрдүн морфол. түзүлүшү агглютинативдүү, мүчөлүү. РФдин Медино а-ндагы алеуттар эне тилиндеги этиштин уӊгуларын сактоо менен орус тилинин жакталыш системасын өздөштүрүшкөн .