АЛЕКСИЙ II

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:17, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЕКСИЙ II, Р и д и г е р А л е к с е й М и х а й л о в и ч (23. 2. 1929, Таллин шаары ‒ 5. 12. 2008, Москва) ‒ Москва жана Бүткүл орус патриархы (1990-жылдан).

Файл:АЛЕКСИЙ II54.png

1964‒68-жылдарда Таллин, Эстон архиепископу, Москва патриархатынын иш башкаруучусу, Ыйык синоддун туруктуу мүчөсү. 1968‒88-жылдары Таллин жана Эстон, 1988‒90-жылдары Ленинград жана Новгород митрополити болгон. Бүткүл дүйнөлүк христиандык чиркөөлөрдү бириктирүү боюнча экуменисттик кыймылдын көрүнүктүү ишмерлеринин бири. 1964‒87-жылдары европалык чиркөөлөр конференциясынын президенти (1987-жылдан анын Президиумунун төрагасы). Россия билим берүү академиясынын академиги (1993).