АЛЕКСАНДРОВ Анатолий Петрович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:16, 2 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЕКСАНДРОВ Анатолий Петрович [31.1 (13.2), 1903-жылы туулган, Киев губерниясы, Тараща шаары ‒ 3.2.1994, Москва] ‒ орус физиги жана коомдук ишмер, атом өндүрүшүн негиздөөчүлөрдүн бири, СССР ИАнын академиги (1953) жана президенти (1975‒86), 3 жолку Социалисттик Эмгектин Баатыры (1954, 1960, 1973). 1930-жылы Киев университетин бүтүрүп, Ленинград физика-техника институтунда иштеген. 1946‒55-жылдары СССР ИАнын Физика проблемалары институтунун (1960‒88-жылдар), Атом энергиясы институтунун директору.

Файл:АЛЕКС АНДРОВ53.png

Алгалгачкы илимий изилдөөлөрү диэлектриктер физикасына жана жогорку молекулалуу бирикмелерге арналган. П. П. Кобеко менен бирге полимерлер физикасы боюнча комплекстүү изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Анын кемелерди минадан сактоо ыкмасы Улуу Ата Мекендик согуш учурунда ийгиликтүү колдонулган. 1943-жылдан ядролук физика жана техника боюнча иштеп, илимий-техникалык программаларды, ар кандай ядролук реакторлорду курууну жетектеген. СССР мамлекеттик (1942, 1949, 1951, 1954) жана Лениндик (1959) сыйлыктарын алган.


Ад.: Физики о себе / под ред. В. Я. Френеля. Л., 1990.