АЛЕКСАНДР КОЛОННАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
‒  Санкт-Петербург дагы Дворец аянтында, 1812-ж. Ата Мекендик согуштун жеӊишине арналган арх-ралык эстелик. О. Р. де Монферрандын долбоору б-ча 1830‒34-ж. тургузулган, император Александр Iнин аты коюлган. Эстелик доридалык стиль

м-н салынган колонна, крест кармаган периште колоннанын үстүнө коюлган (скульптору Б. И. Орловский). А. к-нын жалпы бийикт. 47,5 м (дүйнөдөгү эӊ бийик триумфалдык колонна), постаментинин түп жагында 1250 свай орнотулган. «Александр түркүгү» салтанаттуу түрдө 1834-ж. ачылган ж-а бул аянт шаардын симво лу болуп калган. А. к. Ленинград блокадасында снаряддын сыныгынан зыянга учураган, 1963-ж. кайра калыбына келтирилген. 1977-ж. А. к-нын айлана

Файл:АЛЕКСАНДР КОЛОННАСЫ50.png
С.-Петербургдагы Александр колоннасы.

сына азыркыдай брусчатка төшөлүп, темир тосмолор орнотулган, эстеликтин бурчтарынын 4 фонары кайрадан калыбына келтирилген (2004).