АЛЕБАСТР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(гр. alebaster) ‒ бүртүкчөлүү түзүлүштөгү гипстин бир түрү; ак же ачык мала кызгылт түстө. Минералдуу сууларда, көбүнчө ысык булактарда чөкмө түрүндө пайда болот. О. кылымда Италия, Францияда А-дан вазаларды, статуэткаларды ж. б. даярдашкан. Майдаланган гипсти күйгүзүүдөн алынган бириктир гич материалдар да А. деп аталып, курулушта, чаптоо ж-а шыбак ишинде колдонулат.