АЛГЕБРАНЫН НЕГИЗГИ ТЕОРЕМАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:59, 31 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АЛГЕБРАНЫН НЕГИЗГИ ТЕОРЕМАСЫ ‒ коэфф-тери комплекстүү сандар болгон каалагандай алг. теӊдеменин комплекстик сандар талаасына тиешелүү тамыры бар экендиги ж-дөгү теорема. Теорема азыркыдан башкача айтылышта, голл. окумуштуу А. Жирар (1629) м-н фр. философ Р. Декарт (1637) тарабынан далилденген. Шотландиялык окумуштуу К. Маклорен м-н швейцариялык окумуштуу Л. Эйлер кийинки даражасына жеткиришкен.