АЛГАЧКЫ ООЗДУУЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:31, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(Protostomia) ‒ эмбриондук өөрчүү учурунда оозу бластопордон, б. а. дене көӊдөйүн сырткы чөйрө м-н бирикти рип турган биринчи тешиктен пайда болгон (тикен терилүүлөрдөн, хордалуулардан башка) бардык үч катмарлуу жаныбарлардын системати калык тобу. Оозу денесинин алдыӊкы бөлүгүндө алгачкы оозунун ордуна жайгашкан; арткы бөлүгүндө аналдык тешиги бар. Скелети жаргак кабыктуу, хитин же раковина түрүндө. Ичеги эктодермадан өсүп, борб. нерв системасы нын ишин нерв түйүндөрү аткарат. Омурткасыз жаныбарлардын көпчүлүк типтери А. о-га кирет. Мис., жалпак, жумуру, шакек, балык курттар, немертиндер, моллюскалар, муунак буттуулар.