АЛГАЗЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:02, 25 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛГАЗЫ (Абылгазы) Шералы уулу ‒ 1824‒25-жылдары орус падышалыгына барган кыргыз элчилеринин бири. Бугу уруусунун белек уругунун таанымал бийи. Элчилик ишмердиги үчүн Александр тасмасына тагылган алтын медаль менен сыйланып, аны ага 1827-жылы апрелде Ысык-Көлгө келген А. Л. Бубенов тапшырган. к. Акымбек Олжобай уулу.