АЛГА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:57, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛГА ‒ Баткен облусунун Кадамжай районундагы кыштак. Алга айыл аймагына караштуу. Катыраӊ кырка тоосунун этегинде жайгашкан. Райондун борбору Пүлгөн кыштагынан 30 км түндүк-батыш тарапта. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 67 км. Деӊиз деӊгээлинен 710 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 2319 (2009); негизинен дыйканчылыкта, мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, спорт комплекси, китепкана, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, чайкана, ашкана, оорукана бар.