АЛБАРС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:43, 23 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛБАРС ‒ эӊ сапаттуу болоттон жасалган өткүр кылыч. Баатырлардын кылычы, жоо-жарактары курч темирден жасалган. Тараптар душмандын жаратын ырбатыш үчүн курал жасатып жатканда, аны уунун (албарс-мышьяк) кошулмасына сугарышкан. Албарстын сабы алтындан жасалган. Албарс ‒ ак албарс, ач албарс деп да аталган алты курчтун (зулпукор, ачболот, кылболот, жойкума, ач албарс, наркескен) бири.