АЛБАРС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
14:33, 8 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Kerimova-59 тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛБАРС ‒ эӊ сапаттуу болоттон жасалган өткүр кылыч.Баатырлардын кылычы, жоо-жарактары курч темирден жасалган. Тараптар душмандын жаратын ырбатыш үчүн курал жасатып жатканда, аны уунун (албарс-мышьяк) кошулмасына сугарышкан. А-тын сабы алтындан жасалган. А. ‒ ак албарс, ач албарс деп да аталган алты курчтун (зулпукор, ачболот, кылболот, жойкума, ач албарс, наркескен) бири.