АЛАШАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:57, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

‒ Ош обл-нун Ноокат р-ндагы кыштак. Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу. Абшыр-Сай суусунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Ноокат ш-нан 25 км батыш тарапта. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 28 км. 1890-ж. отурукташкан. Деӊиз деӊг. 1280 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 2362 (2009); негизинен дыйканчылыкта жана мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.