АЛАШАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:30, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
‒ Ош обл-нун Ноокат р-ндагы кыштак. Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу. Абшыр-Сай суусунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Ноокат ш-нан 25 км батыш тарапта. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 28 км. 1890-ж. отурукташкан. Деӊиз деӊг. 1280 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 2362 (2009); негизинен дыйканчылыкта ж-а мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.