АЛАШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
14:29, 8 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Kerimova-59 тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛАШ (эски, илгерки түрк сөзү ‒ боордоштор, кандаштар, туугандар) ‒ эзелки түрк элдеринде болгон түшүнүк. О. кылымдарга, андан мурунку мезгилдерге таандык маалыматтарда казактын өз алдынча эл болуп, хандык курганга чейинки эски топторунун аталышы. О. эле монгол-татар-казак санжыраларында Алаш (Алашы) хан тууралуу айтылат.