АЛАУДИН ЭГИРИН-ДИОПСИД КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:30, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 Баткен обл-нун Кадамжай р-нунда, Айдаркен шаарынан 15 км аралыкта. 1982-ж. табылган. Алаудин сайынын башатында. Мореналык катмардын арасында пироксениттин жумуру ж-а келки таштарында тунук ачык жашыл түстөгү эгирин-диопсид минералдарынын уя сымал топтолуштары кездешет. Алардын туура кесилиш өлчөмү 2‒12 ммден 30 ммге чейин. Эгирин-диоп сид зергердик буюмдарды жасоого жарактуу.