АЛАТАМАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:12, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛАТАМАК ‒ кыз-келиндер көкүрөгүнө тагынган баалуу кооздук буюм. Акак, шуру, бермет, тор, сайма, курак, чачы, оймо ж. б-ды бири-бирине айкалыштыра колдонуу менен жасалган. Алатамактын асты жагында жамбы же тыйын кадалган кыюусу болот. Желке жакка байлап, көкүрөккө жая тагынат. 19-кылымдын аягы 20-кылымдын башына чейин мындай кооздукту кыргыздын кыз-келиндери кеӊири пайдаланышкан. Учурда Алатамак асем буюм катары өтө сейрек кездешет. Ушул сыяктуу кооздук хакас элинде бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган. Аны пого деп да аташат.