АЛАНД АРАЛДАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:12, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛАНД АРАЛДАРЫ, А х в е н а н м а Балтика деӊизинде, Ботния булуӊуна кире бериште; Финляндиянын аймагы. Аянты 1,5 миӊ км2дей. Калкы 28,7 миӊ (2013). 6,5 миӊ граниттүү аралдардан (бийиктиги 132 мге чейин) жана шхерлерден турат. Аралаш токой, бадал, шалбаа өсөт. Деӊиз климаттык курорттору бар. Балык кармалат, сүт багытындагы уй асыралат. 1921-жылдан демилитаризацияланган зона.