АЛАНД АРАЛДАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:58, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛАНД АРАЛДАРЫ, А х в е н а н м а Балтика деӊизинде, Ботния булуӊуна кире бериште; Финляндиянын аймагы. Аянты 1,5 миӊ км2дей. Калкы 28,7 миӊ (2013). 6,5 миӊ граниттүү аралдардан (бийикт.132 мге чейин) ж-а шхерлерден турат. Аралаш токой, бадал, шалбаа өсөт. Деӊиз климаттык курорттору бар. Балык кармалат, сүт багытындагы уй асыралат. 1921-жылдан демилитаризацияланган зона.