АЛАИД

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛАИД – Охота деңизиндеги Атлас а-нда жайгашкан аракеттеги жанар тоо, Россияда. Чоң Курилдин эң бийик жери (бийикт. 2339 мге чейин). Анын суу астындагы бөлүгүнүн негизин эки жанар тоо жана А-дин байыркы суу астындагы конусу түзөт. Ал эски конустун үстүндө жаңысы орун алган. Страто жанар тоосу андезит-базальт лавасынан турат. Отузга жакын кошумча конустары бар. Акыркы жолу 1933-, 1934- жана 1972-ж атылган. Анын негизинде Такетоми конусу пайда болгон. Капталдарында ольха бадалы бийик өскөн чөптөр менен алмашат.