АЛАБУГА‒ЧАТЫР-КӨЛ КӨМҮРЛҮҮ РАЙОНУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:29, 7 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛАБУГА - ЧАТЫР-КӨЛ КӨМҮРЛҮҮ РАЙОНУ‒ түндүктөн Нарын д., түн.-батыштан Ак-Шыйрак кырка тоосу, түш.-батыштан Фергана тоо тизмеги, түш.-чыгыштан Какшаал тоосу м-н чектелген аймак. Райондо бири биринен алыс жайгашкан юра катмарларынын чакан аянттары жер үстүнө чыгып жатат, алар м-н Ак-Сай, Турук, Торугарт кенчелери байланыштуу.