АЛА ГҮЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 (Viola) ‒ өсүмдүктөрдүн ала гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык, кээси бир жылдык чөп же чалабадал. Сабагынын уз. 15‒20 см. Гүлү кызгылт көк, ак же сары, жыпар жыттуу. 500дөй түрү белгилүү. Алардын ичинен алтай жыпар жыттуу ж-а үч түстүү А. г. кеӊири таралган. Алтай А. г. тоо шалбааларында, Алтай тундрала рында, Теӊир-Тоодо өсөт. Кырг-нда гүлзарларда өстүрүлөт. Көп жылдыгынан эфир майы алынат.